Айзат Досоева Ак-Моюн Ат-Баши районунун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды
Ат-Баши райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу 2026-жылдын 19-январында кол коюлган.
Айзат Досоева 1985-жылдын 7-апрелинде Нарын облусунун Ак-Тал районундагы Чолок-Кайын айылында төрөлгөн. Азыркы учурда Ат-Баши районунун Ак-Муз айылында жашайт.
Билим
2004–2010-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин «журналист» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек иши
- 2014–2016-жылдары — Ак-Муз айыл өкмөтү, С.Абдыбекова атындагы китепкананын жетекчисинин милдетин аткаруучу, аскердик каттоонун адиси.
- 2016–2019-жылдары — Ак-Муз айыл өкмөтү, статистикалык маалыматтарды берүү боюнча башкы адис.
- 2019–2023-жылдары — Ак-Муз айыл өкмөтү, инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
- 2023–2024-жылдары — Ак-Моюн айыл өкмөтү, статистикалык маалыматтарды жыйноо, долбоорлор менен иштөө жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис.
- 2024–2025-жылдары — Ак-Моюн айыл өкмөтү, инвестицияларды тартуу, долбоорлор менен иштөө жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис.
- 2025-жылдан азыркы убакка чейин — социалдык-экономикалык бөлүмдүн начальниги.
Үй-бүлөлүү, беш баланын энеси.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Ак-Тала районунда жакында бийик тоолуу аймактарга киргизилген айылдардын тургундары пенсиондук жеңилдиктерди чечүүнү суранышууда
Жогорку тоолордун Ак-Тал районунун тургундары пенсиялык жеңилдиктерди талап кылышууда Turmush —...
Без изображения
«Ай-Пери» эл аралык бизнес борборуна айланды — фото баяндамасы
Curl error: Operation timed out after 120001 milliseconds with 0 bytes received...