Кыргызстандын жолдорунда азырынча паспорт жок, - экс-министр транспорт Калилов
- Автожолдорду паспортоштуруу маселеси Кыргызстандагы жол тармагындагы негизги маселелердин бири бойдон калууда. Бул тууралуу мурдагы транспорт министри Жамшитбек Калилов радио менен болгон маегинде билдирди. Ал өлкөдө мал-жандыктар үчүн да паспорттор берилерин, бирок көпчүлүк автожолдордун техникалык паспорттору жок экенин белгиледи.