
Кара-Суу районунда жазгы талаа иштерине даярдык активдүү жүрүүдө, бул тууралуу өкмөт башчысынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев билдирди.
Министрлик тарабынан уюштурулган жыйында аймактык структуралардын өкүлдөрү, район акими, Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, ошондой эле жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн жетекчилери жана райондук ӨКМ бөлүмүнүн башчысы катышты.
Талкуу учурунда министр талаа иштерине даярдык, минералдык тыңайткычтар менен камсыздоо жана сугат каналдарын тазалоо боюнча профилдик кызматтардын отчетторун угуп чыкты. Айыл өкмөттөрдүн жетекчилери сугаруучу жерлердин аянты жана суу алуу булактары боюнча маалыматтарды сунушташты.
Бакыт Торобаев келечектеги иштерге даярдыкты күчөтүүнүн жана фермерлерге сертификатталган уруктардын артыкчылыктарын түшүндүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
«Фермерлерди сертификатталган уруктарды колдонуу боюнча пайдасы тууралуу азыртан маалымдоо маанилүү. Сугат мезгилинде көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн сугат каналдарын алдын ала тазалоо зарыл», — деп баса белгиледи ал.
Мындан тышкары, адистер районго заманбап айыл чарба техникасынын келип жаткандыгы тууралуу маалымдашты, бул агрардык сектордун өнүгүшүнө чоң салым кошот. Ошондой эле «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүгө башташкандыгы белгиленди.