Касымалиев: 60тан ашык айыл чарба продукциялары КР 80 өлкөгө экспорттолууда
«Агродиалог» форумунун жүрүшүндө өкмөт башчы Адылбек Касымалиев айыл чарба тармагындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берди. Ал өткөн жылдагы иштин негизги көрсөткүчтөрүнө көңүл бурду, жалпы айыл чарба продукциясынын көлөмү 459,7 миллиард сомго жеткенин, бул 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 миллиард сомго көп экенин, өсүү темпи 102,2 % түзгөнүн белгиледи. Продукцияны кайра иштетүү боюнча бул көлөм 104,7 миллиард сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 16,2 миллиард сомго көбөйгөн, өсүү темпи