
Бишкекте, Джал микрорайонунда Тыналиев көчөсүндө, 5/1, 21-февралда саат 6:00 чамасында 14 кабаттуу турак үйдүн курулушунда убактылуу тосмо кулады. Бул окуя аталган аймакта тротуарды жабууга алып келди.
Курулуш министрлигинин Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролунун адистери окуя тууралуу маалымат алгандан кийин дароо окуя болгон жерге барышып, керектүү чараларды көрүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш объектинде коопсуздук чаралары толук сакталбагандыгы аныкталды. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн ОсОО «Жаз Строй» компаниясына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, убактылуу тосмо калыбына келтирилди. Подрядчы уюмга тосмону бир күндүн ичинде оңдоо боюнча буйрук берилди.
Курулуш министрлиги коопсуздук талаптарын бузган жана жагымсыз аба ырайынан улам тосмолор кулаган курулуш объекттеринде текшерүүлөрдү улантууда. Бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.
Жарандарды коргоо максатында курулуш объекттери туруктуу көзөмөлдө.