Бишкекте бир нече алдамчылык кылууга шектелген адам кармалды
Жогоруда көрсөтүлгөн факт боюнча Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын Тергөөнү кызматы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин ачты. Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү З.У. 1990-жылы туулган кармалды. Ал Тергөөнү кызматына жеткирилди, азыр Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн дагы алты окшош кылмышка катышы болушу мүмкүн экени аныкталды.