

















Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу боюнча башкармалыгынын начальниги Атай Муратбек, мэр Айбек Джунушалиевдин буйругу боюнча Центральный универсальный магазин (ЦУМ) аймагында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштеринин башталганын "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.
Ал ошондой эле, курулушчуга имаратты өз ыктыяры менен бузуу үчүн үч күн берилгенин, бирок ал аткарылбаганын кошумчалады.
«Операцияга 20 адам жана 8 бирдик атайын техника катышууда. Бардык коопсуздук чаралары сакталууда. Бузуу чыгымдары мыйзам боюнча курулушчудан өндүрүлөт. Мэр бардык иштерди аяктоо үчүн бир жума мөөнөт белгиледи. Бузуу учурунда подряддык уюмдун өкүлдөрү конструкцияны өз алдынча бөлүп алууга даяр экенин билдиришти», - деди Муратбек.