
1-марттан баштап Египетке кирүү визасынын баасы $25тен $30га көтөрүлөт, деп билдирет Cairo 24.
Бул жаңылык Каир жана Хургада аэропорттору аркылуу келген туристтерге таасир этет. Бирок Шарм-эш-Шейхте эс алып жаткан туристтер үчүн 15 күндүк "Синай штампы" акысыз болуп калат, бирок бул аймактан чыгып кетүү үчүн виза алуу керек.
Башында Египет бийликтери жыйымдын баасын $45ке көтөрүү вариантын карашкан, бирок бул идеядан баш тарткан.
Египет ТМД өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандыктар үчүн эң көп талап кылынган туристтик багыттардын бири болуп калууда.