Кыргызстанда 2027-жылдан баштап санарип сом киргизилет
Кыргызстанда санарип сомдун расмий башталышы 2027-жылдын 1-январында пландалууда. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын орун басары Азат Козубеков бул билдирүүнү 24-февралда өткөн пресс-конференцияда жасады. Ал санарип сомду киргизүү жөнүндөгү мыйзам көрсөтүлгөн датадан баштап күчүнө кирерин, бул анын финансылык операцияларда колдонулушун баштоого мүмкүндүк берерин белгиледи. Учурда Улуттук банк, өнөктөштөр менен кызматташып, аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө.