
РИА Новости маалыматтарына ылайык, океандын жашоочуларынын болгону 10%ы адамзатка белгилүү.
Биология илимдеринин доктуру, П.П. Ширшов атындагы океанология институтунун океандын түпкү фауна лабораториясынын жетекчиси Андрей Гебрукдун айтымында, океанда жашаган жаныбарлардын түрлөрүнүн саны боюнча бирдиктүү жооп жок. Ал, болжол менен, биз деңиз организмдеринин 10-20%ы менен тааныш экенибизди белгиледи.
Гебрук белгилегендей, белгилүү түрлөрдүн пайыздык үлүшү 10%га жакындап жатат.
«Менин оюмча, океанда бар болгон бардык түрдүн болгону 10%ын биз сүрөттөп, көрдүк. Бул өтө аз», — деп жыйынтыктады ал.