Бишкекте өткөн жылы рекорддук 92 км жол курулду – мэр
2022-жылы Бишкекте 92 километр жаңы жол курулган. Бул тууралуу борбордун мэри Айбек Джунушалиев «Кабар» агенттигинин подкастында билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч шаар үчүн рекорддук болуп калды. Мурда Бишкектеги жол курулушунун максималдуу көлөмү жылына 18–25 км арасында болуп келген. «Жол курулушу иштеринин жыл бою эмес, жылуу мезгилде гана жүргүзүлгөнүн белгилеп өтүү керек. Негизги курулуш процесстери майдан октябрь айынын аягына чейин, ноябрдын жылуу күндөрүн камтып, өттү», - деп