
2022-жылы Бишкекте 92 километр жаңы жол курулган. Бул тууралуу борбордун мэри Айбек Джунушалиев «Кабар» агенттигинин подкастында билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч шаар үчүн рекорддук болуп калды. Мурда Бишкектеги жол курулушунун максималдуу көлөмү жылына 18–25 км арасында болуп келген.
«Жол курулушу иштеринин жыл бою эмес, жылуу мезгилде гана жүргүзүлгөнүн белгилеп өтүү керек. Негизги курулуш процесстери майдан октябрь айынын аягына чейин, ноябрдын жылуу күндөрүн камтып, өттү», - деп тактады мэр.
Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев административдик-территориялык реформа (АТР)дан кийин Бишкектин жол тармагынын жалпы узундугу болжол менен 2800 км түзөрүн, анын ичинен 1400дөн 1800 км чейин оңдоону талап кыларын билдирди.
«2026-жылга 120 км жол куруу пландалууда», - деп кошумчалады борбордун мэри.