Кабмин башчысы IIHF менен хоккей жана кышкы спорт түрлөрүнүн өнүгүшүн талкуулады
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинде, өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегациянын курамында IIHF Кеңешинин мүчөсү Франц Рейндль жана IIHF Финансылык комитетинин мүчөсү Клифтон Роттесли бар, деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы. Касымалиев Бишкекте жаштар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү мүмкүнчүлүгү өлкө үчүн чоң сыймык экенин жана IIHF тарабынан жогорку ишенимди билдирерин белгиледи. Бул