
Улуттук банк 2026-жылдын 22-январына карата чет өлкөлүк валюталардын актуалдуу курстарын сунуштады.
Регулятордун маалыматына ылайык, АКШ долларынын курсу туруктуу бойдон калды, ал эми евро жана кытай юанинин баасы бир аз төмөндөдү. Ошол эле учурда, орус рубли жана казак теңгеси кичине өсүш көрсөткөн.
1 АКШ доллары (USD) 87,45 сомду түзөт (өзгөрүүсүз);
1 евро (EUR) — 102,3996 сом (төмөндөө);
1 орус рубли (RUB) — 1,1244 сом (өсүш);
1 казак теңгеси (KZT) — 0,1726 сом (өсүш);
1 кытай юаниси (CNY) — 12,5579 сом (төмөндөө).
Коммерциялык банктарда долларды сатып алуу боюнча орточо баа 87,35 сом, ал эми сатуу — 87,80 сомду түзөт.
Орус рубли коммерциялык банктарда орточо 1,11 сомго сатып алынып, 1,14 сомго сатылат.