Кыргызстанда балдар бакчаларынын тарбиячыларын жаңы мамлекеттик стандарттар боюнча окутуу пландалууда
Мамлекетте жаңы мамлекеттик стандарттарга ылайык, эрте балалык өнүгүүгө байланыштуу бала бакча тарбиячылары жана жетекчилери үчүн окутуу пландаштырылууда. Бул тууралуу 2026-жылдын 27-январында Кыргызстан билим берүү министрлиги менен Ага Хан Фонду ортосунда өткөн жолугушууда маалым болду. Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, иш-чарага билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жана Кыргызстандагы Ага Хан Фондунун башкы директору Давлатсултон Доргабекова катышты. Бул