Ош шаарынын мэри «Жетиген» мектебинин тамак-аштын сапатын сындады
Эртең мененки рейд учурунда Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев «Жетиген» мектебин текшерүү максатында барып, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттарды карап чыкты.
Шаардык маалымат кызматынан билдиришкендей, мэр мектептин ашканасында берилген тамак-аштын сапатына нааразычылык билдирген. Ал балдар үчүн даярдалган тамактардын сапаты начар экенин белгилеп, жооптуу кызматкерлерден кырдаалды жакшыртуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылган.
Мындан тышкары, мэр билим берүү мекемесинин аймагында жайгашкан коммерциялык объекттин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырды.
Мурда Женишбек Токторбаев билим берүү мекемелеринин аймактарын коргоо жана мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилеген.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Мэр Ошто мектепте нааразычылык билдирди: жеп болбой турган нанды баланын үйүнө алып кетүүнү буйруду
Таңкы рейд учурунда Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев «Жетиген» жалпы билим берүү мектебин...