Эгер Россия жана Казакстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп, тоскоолдуктарды түзсө, биз укуктарымызды коргоого даярбыз, - Минэкономика
- Жогорку Кенештин финансылар, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Исманали Жороев Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды экспорттоодо туш болгон көйгөйлөргө көңүл бурду. Ал импорттук товарлар өлкөгө өзгөчө тоскоолдуксуз кирип жатканын, бирок жергиликтүү продукцияны чыгарууга аракет кылганда олуттуу кыйынчылыктар пайда болорун белгиледи.