Посол: Сауд Аравиясындагы кыргызстандыктар менен болгон кырдаал туруктуу көзөмөлдө турат
Ал дипломатиялык миссиянын кызматкерлери ар бир кыргызстандык, анын ичинде умра үчүн келген студенттер жана зыяратчылар менен байланышта экенин белгиледи. «Зыяратчылар менен иштөө үчүн атайын штаб түзүлдү. Биз муфтият, Дин иштеринин мамлекеттик агенттиги жана туристтик компаниялар менен биргеликте оперативдүү чараларды ишке ашыруудабыз», — деп кошумчалады элчи.
Марипов ошондой эле Бахрейнде болгон 35 кыргызстандык жаран жардам сурап кайрылганын маалымдады. Алар менен 24 саат бою байланыш орнотулду. Кырдаалдын начарлашына жана коопсуздукка коркунуч туулганда зарыл жардам көрсөтүү үчүн чаралар каралган.
«Саудия Аравиясындагы авиарейстер салыштырмалуу туруктуу иштеп жатат, ал эми коңшу өлкөлөрдүн көбүндө аэропорттор жабык. Ички рейстер кадимки режимде жүргүзүлүүдө, жергиликтүү авиакомпаниялар эл аралык учууларды улантууда. Бирок чет өлкөдөн келүүчү рейстердин саны азайган», — деди ал.
Жалпысынан, Саудия Аравиясындагы кырдаал жетишерлик туруктуу болуп турат, жана дипломаттар жергиликтүү бийлик менен активдүү иштешип, абалдын мониторингин саат сайын жүргүзүшүүдө.
Маалымат! Оперативдүү жардамга же суроолорго муктаждык болсо, Саудия Аравиясында түз линия иштейт: +966 58 376 99 45.