Уч-Курган ГЭСте №2 гидроагрегатын демонтаждоо жана жабдууларды жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө
Уч-Курган ГЭСин модернизациялоо иштери Пакет-2 долбооруна ылайык улантылууда. Бул долбоор Кыргызстандын энергетикалык секторунун өнүгүүсүндөгү маанилүү этап катары эсептелет, деп билдирет Министрлер кабинетинин Энергетика министрлиги. Учурда курулуш аянтчасында 44 адам, анын ичинде заводдун адистери активдүү иштеп жатышат.
Азыркы учурда аткарылып жаткан негизги тапшырмалардын арасында:
• Гидроагрегат №2нин демонтажы улантылууда, бул жабдууларды жаңылоонун биринчи кадамы. Бул операцияда 19 адис тартылган.
• Демонтаждалган бөлүктөрдү ревизия жана утилзация үчүн складга ташуу иштери жүргүзүлүүдө.
• Параллелдүү түрдө долбоордук жана инженердик иштер жүрүүдө: долбоордук документацияны түзүү, өндүрүш графиктерин даярдоо, техникалык маалыматтарды которуу жана аткаруучу документацияны түзүү.
Жабдууларды жеткирүү
Каскад Таш-Кумыр ГЭСинин складуна гидроагрегат №2 үчүн жаңы жабдуулардын компоненттери келип түштү.
Учурда:
• Статор, ротор, башкаруу жана коргоо системалары, суу менен муздатуу жана генератордун жерге туташтыруу үчүн бардык комплекттердин жеткирүүсү аяктады;
• Суу өткөргүч үчүн соруучу решёткалар жеткирилди;
• Генератордун компоненттери жана иштөө дөңгөлөгү жарым-жартылай келип түштү.
• Гидроагрегат №2 үчүн жабдуулардын жалпы жеткирүү деңгээли 47,3% түзөт.
Уч-Курган ГЭСин модернизациялоонун негизги максаты электр энергиясын өндүрүүнүн ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле жабдуулардын кызмат мөөнөтүн узартуу болуп саналат. Бул долбоор энергетикалык коопсуздукту камсыз кылып гана тим болбостон, Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө да салым кошот.
Дагы окуңуз:
Уч-Курган ГЭСтин кубаттуулугу 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча 36 МВтка жогорулайт
2026-жылы Уч-Курган гидроэлектр станциясында эки агрегаттын: №1 жана №2 параллель реконструкциясы...