Мыйзам 2023-жылдын 1-мартынан күчүнө кирип, 2027-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.
Документке ылайык, бул чечим өлкөнүн банк системасынын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоого, ошондой эле "Улуттук банк жөнүндө" мыйзамга ылайык чет элдик валюта менен операцияларды мониторингдөөдү күчөтүүгө багытталган.
Эми коммерциялык банктар күн сайын, кийинки күндүн 11 саатынан кечиктирбей, Улуттук банкка өз кардарларынын наличный рублдары менен жүргүзгөн операциялары тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү, эгер сумма операциялык күндө 5 миллион рублдан ашса.
Бул мыйзамдын талаптарын сактоого жоопкерчилик коммерциялык банктын башкармалыгына жүктөлөт.Берилген маалыматта кардарлардын бардык операциялары, физикалык жана юридикалык жактардын, резиденттердин жана нерезиденттердин, бардык эсептери боюнча, анын ичинде мөөнөттүү, эсептешүү жана наличный рублдарды алмаштыруу операциялары (эсеп ачуу менен жана эсепсиз) тууралуу маалымат болушу керек.