«Кумтордон» түшкөн киреше 5 миллиард доллардан ашты

Юлия Воробьева Экономика
VK X OK WhatsApp Telegram
«Кумтор»дон кирешеси 5 миллиард доллардон ашты

Бюджетке 1 миллиард 176 миллион доллардан ашык киреше түштү.


Президент Садыр Жапаровдун республикалык жыйында билдиргенине ылайык, 2021-жылдан 2025-жылга чейин «Кумтордун» иши боюнча жалпы киреше 5 миллиард 115 миллион долларды түзөт.

Президент «Кумтордун» мамлекеттик менчикке кайтып келиши Кыргызстандын экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө маанилүү кадам экенин белгиледи.

Аталган мезгилде өлкөнүн бюджетине салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн 1 миллиард 176 миллион доллардан ашык киреше түшкөн. Мындан тышкары, акыркы төрт жылда республика 441 миллион доллар өлчөмүндө дивиденд алган, бул 38 миллиард сомдон ашыкка барабар.

Садыр Жапаров 1994-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстан «Кумтордон» жалпысынан 100 миллион доллардай дивиденд алганын да белгиледи.

«Мурда 410 тонна алтын чыгарылган, анын болгону 1 тоннасы өлкөгө пайда алып келди. Эми болсо «Кумтор» стабилдүү түрдө бюджетти толтуруп, социалдык программаларды жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого катышууда», - деп кошумчалады ал.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: