
Долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын ушул министрлигинин структурасына кирген "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси тарабынан жүргүзүлөт. Долбоордун негизги максаты эпизоотикалык көзөмөлдү жакшыртуу, жаныбарларда инфекциялык оорулардын жайылышына коркунучтарга тез жооп берүү жана өлкөнүн ветеринардык тармагын санариптештирүү болуп саналат.
ГИС "СУМО" - бул Кыргызстандагы ветеринардык-санитардык кырдаал боюнча маалыматтарды визуалдаштырууга, эсепке алууга, мониторинг жүргүзүүгө жана аналитикалык иштетүүгө арналган бирдиктүү инструмент катары кызмат кылуучу заманбап веб-илова. Долбоордун алкагында төмөнкү негизги аспекттер каралган:
- сибирь жарасынын очокторун, биологиялык калдыктарды жок кылуу жерлерин жана ветеринардык инфраструктура объектилерин көрсөтүүчү интерактивдүү картаны иштеп чыгуу;
- ветеринардык-санитардык иш-чараларды эсепке алуу системасын киргизүү;
- аналитика, отчеттуулук жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн борборлоштурулган маалымат базасын түзүү;
- жаңы оорулардын пайда болушу тууралуу жооптуу кызматтарды автоматташтырылган түрдө маалымдоо;
- Кыргызстандын мамлекеттик маалымат системалары менен интеграциялоо.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынын коллажы.