Контрольдук сатып алуулар жана рейддер 2026-жылдын аягына чейин болбойт
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы кичи жана орто бизнес өкүлдөрү арасындагы рейддик текшерүүлөрдү жана контрольдук сатып алууларды убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Бул жаңылык 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Ведомстводо мындай чара ишкерлерди колдоого, салык жүгүн азайтууга жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгилешти.
Эми салык инспекторлору кичи жана орто бизнеске төмөнкү критерийлер боюнча текшерүү жүргүзүшпөйт:
- кассалык аппараттарды колдонуу;
- счет-фактураларды түзүү;
- кассасыз эсептешүү терминалдары менен иштөө;
- электрондук акча жана QR-коддор аркылуу төлөмдөр;
- товарларга керектүү документтердин болушу.
Бул өзгөртүүлөр төмөнкү ишкерлерге тиешелүү:
- бирдиктүү салык 0% же 0,5% менен жөнөкөйлөтүлгөн салык системасы боюнча иш жүргүзгөндөр;
- патенттерди колдонгондор;
- салык салуунун өзгөчө шарттары бар аймактарда бизнес жүргүзгөндөр;
- салык 0,25% болгон тигүү же текстиль өндүрүшү менен алектенгендер.
Ошентсе да, текшерүүдөн бошотуу бардыгына таралбайт. Салык кызматы төмөнкү категориядагы адамдарды текшерүүнү улантат:
- каттоосуз же патентсиз иштегендер;
- жарандар же уюмдар тарабынан даттанууларга кабылгандар;
- салык боюнча карыздары бар же жалакы төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарбаган адамдар;
- акциздик товарларды (мисалы, алкоголь же тамеки) саткан адамдар — бул учурда акциздик маркалар текшерилет.
Муну менен катар, салык кызматы ишкерлерге бизнес жүргүзүү эрежелери, кассалык аппараттарды, счет-фактураларды, терминалдарды жана QR-коддорду колдонуу боюнча жардам көрсөтүүнү, ошондой эле практикалык колдоо берүүнү пландаштырууда.
Сүрөт www