
Моджтаба Хаменеи
8-мартта дайындалгандан бери Хаменеи коомдук иш-чараларда көрүнгөн жок, бул анын ден соолугунан улам социалдык тармактарда көптөгөн ушактарды жаратты. Reuters агенттиги ирандык расмий адамдарга шилтеме берип билдиргендей, жаңы лидер жеңил жаракат алган, ал, болжол менен, атасы аятолла Али Хаменейдин өлүмүнө себеп болгон ошол эле окуядан улам болгон.
Ал өз билдирүүсүндө «шахиддердин» өлүмү кесепетсиз калбай турганын баса белгилеп, Ормуз булуңунун блокадасы улантыларын тастыктады. Ошондой эле Хаменеи коңшу өлкөлөрдү Иран мыйзамдуу максат катары эсептеген америкалык аскердик базаларды жабууга чакырды.
Кызыктуусу, жаңы жогорку лидер өзүнүн шайланышы тууралуу Ирандын башка жарандарындай эле телевизиондук жаңылыктарды көрүп жатканда билгенин билдирди.