
5-апрелде кыргызстандык боксчу Ихтияр Нишонов Стамбулда өткөн Ahmet Cömert эл аралык бокс турниринде алтын медаль утту. КРнын Физикалык маданият жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Нишонов 70 кг салмак категориясында чыгышып, финалда австралиялык спортчу Уильям Млачичти жеңди.
Боксчу финалга 1/8 финалдан баштап, кезектешип Азербайжан, Түркия жана Германиядан келген атаандаштарын жеңип чыкты.
Ahmet Cömert турнири 29-мартта башталып, 5-апрелде аяктады.