

2026-жылдын 20-21-март күндөрү Шымкентте өткөн ITF тхэквондо боюнча эл аралык турнире кыргызстандык спортчулар мыкты жыйынтык көрсөтүп, 29 медаль утушту.
Федерациянын маалыматы боюнча, мелдештерге Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 500гө жакын катышуучу катышты.
Кыргызстан командасынын курамында 50 спортчу болду.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча, жеке категорияларда кыргызстандыктар 5 алтын, 10 күмүш жана 14 коло медаль утушту.
Ошондой эле команда командалык дисциплиналарда да жакшы жыйынтык көрсөттү:
- 16-17 жаштагы жаштар арасында командалык спаррингде биринчи орун
- 14-15 жаштагы кыздар арасында командалык спаррингде үчүнчү орун.