
Жыл ичинде Кыргызстандын курама командалары 230 эл аралык мелдештерге катышты. Спортчуларды даярдоо үчүн 147 окуу-даярдык жыйындары уюштурулду, ошондой эле республикалык жана региондук деңгээлде 166 спорттук иш-чара өткөрүлдү. Эң маанилүү окуялардын бири Бишкекте өткөн самбо боюнча дүйнө чемпионаты болду.
Эл аралык аренада кыргызстандык спортчулар 846 медаль утушту, анын ичинде 267 алтын, 234 күмүш жана 345 коло медаль бар. Приздик орундар Ислам оюндары, Азия оюндары, дүйнө чемпионаттары жана Сурдлимпийдик оюндар сыяктуу ири мелдештерде утулду. Жогорку жетишкендиктерге байланыштуу 174 спортчу 20 миңден 60 миң сомго чейин мамлекеттик стипендия алышты. 2025-жылы спорт тармагын өнүктүрүүгө 1 миллиард 163 миллион сом бөлүндү, анын ичинен 20 миллион сом регионалдык спорт мектептери үчүн жабдууларды сатып алууга жумшалды.
Массалык спортко чоң көңүл бөлүндү. "Мектеп лигасы" долбоорунун алкагында футбол, баскетбол жана волейбол боюнча 2700 билим берүү мекемесинен 2030 команда катышты. Ошондой эле Чүй облусунда "Мен чемпионмун" долбоорунун 12 түрү боюнча финал өткөрүлдү. Кыргызстанда 8 366 массалык иш-чара уюштурулуп, анда 428 миңден ашык адам катышты. Ведомстводо келечекте эл аралык катышууну кеңейтүү жана жарандар арасында физикалык маданиятты популяризациялоону улантуу приоритет болуп каларын белгилешти.