
27-мартта кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Ташкентте өтө турган PWL турнирине катышат.
Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, анын атаандашы Япониянын олимпиада чемпиону Юки Кагами болот. Бул спортчулар буга чейин төрт жолу килимде беттешкен, жана алардын кармашы 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
Акыркы беттеш 2023-жылы өткөн дүйнө чемпионатында болуп, анда жеңишти япон спортчусу алган.
Эскерте кетсек, Юки Кагами 2024-жылы Парижде өткөн Олимпиада оюндарында олимпиада чемпиону болуп саналат. Өз кезегинде, Айпери Медет кызы ошол Олимпиадада 5-орунду ээлеген, бирок андан кийин Азия чемпионатында жана Ислам оюндарында ийгиликке жетип, дүйнө чемпионатында күмүш медаль уткан.