Албанияда күрөш боюнча турнир. Нурзат Нуртаева күмүш медаль утту

Виктор Сизов Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Албанияда өткөн рейтингдик күрөш турнирына катышкан кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева күмүш медаль утуп алды. Бул маалыматты Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) билдирди.

72 килограмм категориясындагы чечүүчү беттеште Нуртаева казакстандык күрөшчү Жамиле Бакбергеновага жеңилип калды.

Финалга жетүү жолунда ал Болгария, Индия жана Польша күрөшчүлөрүн жеңди.

Мындан тышкары, кечээ дагы бир кыргызстандык, Айпери Медет кызы, ушул эле турнирада алтын медаль утуп алды.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: