Албаниядагы күрөш турнири. Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева финалга чыкты

Анна Федорова Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Албаниядагы күрөш турнири. Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева финалга чыкты
Сүрөт UWW. Айпери Медет кызы
Албаниядагы күрөш турниринде кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева финалга чыгышты, деп билдирет Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму.

76 килограммга чейинки категорияда күрөшүп жаткан Айпери, Түркия, Болгария жана Казакстандык атаандаштарын 35:2 эсебинде жеңип, мыкты техникасын көрсөттү.

Ал чечүүчү беттеште Эквадордук күрөшчү менен жолугушат.

72 килограммга чейинки категорияны көрсөтүп жаткан Нурзат Нуртаева да жогорку деңгээлде күрөшүп, Польша, Индия жана Болгариялык спортчуларды жеңди.

Финалда ага Казакстандык өкүл менен күрөшүү күтүлүүдө.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: