
Халыкаралык MUHAMET MALO–2026 рейтингдик турнири 27-февралда Албаниянын Тирана шаарында өтүп, кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова күмүш медаль утту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасындагы Физикалык тарбия жана спорт агенттигинин билдирүүсүндө айтылат.
Ал 68 кгга чейинки категорияда 1/8 финалдан баштап катышты.
Турнирдин башында Жуманазарова америкалык күрөшчүлөр Дестин Рене (11:0) жана Солин Николь Пирси (10:0) менен ишенимдүү жеңиштерди камсыздап, жарым финалга чыкты.
Жарым финалдык беттеште кыргызстандык Нерсин Бас менен беттешип, 8:4 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Бирок финалдык беттеште болгары Юлианна Янева менен болгондо, Мээрим, тилекке каршы, 0:2 эсебинде утулуп, мелдеште экинчи орунду ээледи.