
Кыргызстандык эркин күрөшчү Орозобек Токтомамбетов Тиранада өтүп жаткан MUHAMET MALO-2026 эл аралык рейтингдик турниринде 74 кг салмак категориясында күмүш медаль утту.
Мамлекеттик физикалык тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына ылайык, Токтомамбетов өзүнүн чыгышын 1/8 финалдан баштап, Азербайжандык күрөшчү Канан Хейбатовду 3:1 эсебинде жеңип чыкты.
Четвертьфиналда кыргызстандык Куинси Мондейди (АКШ) 5:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Жарым финалда Орозобек грузин күрөшчү Георгий Элбакидзе менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишке жетти, бул ага финалда күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Бирок чечүүчү беттеште Токтомамбетов ирандык Йонес Алиакбар Эмамига 0:5 эсебинде жеңилип, акыры күмүш медаль утту.
MUHAMET MALO-2026 турнири Албанияда өтүп, 1-мартка чейин уланат.