Turmushтун кабарчысы билдиргендей, бул мелдеш спорт чебери көк-бөрү Адыл Өскөнбаевдин эсине арналган.
Турнирге 252 жаш күрөшчү катышты. Жайыл районунан 20 спортчудан бешөө сыйлыктарды жеңип алышты:
- 22 кг категориясында биринчи орунду Жон-Арык айылынан Ырыскелди Мусабаев ээледи, машыктыруучусу - Каныбек Джанысаков;
- 29 кг салмак категориясында жеңишке Алексеевка айылынан Алишеров Нуркелди жетишти, машыктыруучусу - Мурат Курманалиев;
- 32 кг категориясында үчүнчү орунду Жон-Арыктан Али Алтынбеков алды, машыктыруучусу - Каныбек Джанысаков;
- 38 кг салмакта экинчи орунду Эрикту айылынан Кайрат Максатбеков ээледи, машыктыруучусу - Замирбек Бадакеев;
- 46 кг категориясында үчүнчү орунду Ставрополовка айылынан Ханзат Аралбеков алды, машыктыруучусу - Жаркынбек Асылбек уулу.
Бардык жеңүүчүлөр жана сыйлыктарды алган спортчулар медалдар, дипломдор жана турнирдин уюштуручуларынан баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.