Кышкы Олимпиада. Кыргызстандык лыжачы Артур Сапарбеков 94-орунду ээледи
Олимпиаданын расмий сайтынын маалыматына ылайык, лыжа жарыштары «спринт» дисциплинасында коньки стилинде 10-февралда башталды, 94 катышуучу чогулду.
Сапарбеков 91-номер менен старт алды жана биринчи 800 метрди 2 мүнөт 23,8 секундда өтүп, жарышты жалпы 4 мүнөт 36,85 секундда аяктап, жыйынтык протоколунда 94-орунду алды.
94 катышуучудан 30 мыкты спортчу чейрек финалга өтүүгө мүмкүнчүлүк алды, ал эми квалификацияда биринчи орунду норвегиялык Йоханнес Клебо ээледи.
Артур Сапарбеков 13-февралда 10 километрдик жарышка эркин стилде катышууну пландаштырууда.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Артур Сапарбеков Италиядагы кышкы Олимпиадада 94-орунду ээледи
Кыргызстандык спортчу Артур Сапарбеков Италияда өтүп жаткан кышкы Олимпия оюндарына биринчи жолу...
Без изображения
Артур Сапарбеков кышкы Олимпиадага кантип даярданды?
Кышкы Олимпиадалык оюндардын ачылыш аземи Италияда 7-февралга караган түнү өттү. Бул оюндарда...