Кара-Балтада мектеп окуучулары арасында грэпплинг боюнча ачык чемпионат өттү
Бул турнире Бишкек, Александровка жана Кара-Балтадан келген тогуз командадан 100гө жакын жаш спортчулар катышты.
Жайыл райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары, жаңы машыктыруучу Сыргак Жапаркуловдун жетекчилигинде мелдештерге даярданышып, чоң жетишкендиктерге жетишти. Турнире анын 20 тарбиялануучусу катышып, алардын көбү сыйлык орундарын алышты.
38 кг салмак категориясында эң мыктысы Закир Бутобаев болуп, ал бардык беттештерин ишенимдүү өткөрдү. Күмүш медалдар Эрбол Жапаркуловго (28 кг чейин) жана Альмир Мелисовго (45 кг чейин) тапшырылды. Бронза медалдарын Нурхан Кызыров жана Али Сайипжанов (34 кг чейин), Абубакир Урустенбеков (40 кг чейин), Кадыр Зувуров (58 кг чейин) жана Эрболот Абсатаров (73 кг чейин) алышты.
Судьялар коллегиясы команданын жогорку физикалык даярдыгын белгиледи. Бардык жеңүүчүлөр жана сыйлык ээлери эстелик медалдар жана дипломдор алышты.
Джиу-джитсу спортчуларынын сыйлык тапшыруу церемониясы да кызыктуу болду, аларды СК «Манас» клубунун машыктыруучусу Алмаз Мамбетов даярдаган, ал ошондой эле чемпионатты уюштуруучулардын бири. Анын тарбиялануучулары ар кандай салмак жана жаш категорияларында туруктуу натыйжаларды көрсөтүштү.
- Бронза медалдарын Арген Шаршенканов (U-16, 64 кг), Али Ахмедов (U-16, 67 кг), Руслан Шостак (2014 ж.т., 35 кг), Аязбек Каныбеков (2014 ж.т., 40 кг), Хамза Асланов (2013 ж.т., 41 кг), Загар Осмонов (2015 ж.т., 49 кг), Кадыр Кудайбердиев (U-16, 60 кг), ошондой эле Анас Жолдошев, Даниэл Керимбаев жана Нурислам Ботосаитов алышты.
- Күмүш сыйлыктар: Рамис Асланов (2018 ж.т., 38 кг), Урмат Мергенов (U-16, 48 кг), Ринат Ибраимов (U-16, 56 кг), Шамо Осмонов (U-16, 74 кг), Дуйшоналы уулу Рамазан (2014 ж.т., 40 кг).
- Алтын медалдарды Нурел Омурбеков (U-14, 44 кг), Ариет Жолдошов (U-16, 63 кг), Элмирбек Садырбеков (2017 ж.т., 43 кг) алышты.
Сыйлык тапшыруу учурунда жаңы түстөгү белбоолорго атайын көңүл бурулду: биринчи орунду алган спортчулар, ошондой эле төртүнчү страйптагы атлеттер деңгээлин жогорулатышты.
Серый белбоолор Нурел Омурбеков, Дуйшоналы уулу Рамазан, Шамо Осмонов, Даниел Керимбаев жана Ринат Ибраимовго тапшырылды.
Оранжевый белбоолор Ариет Жолдошов жана Элмирбек Садырбековго берилди.
Алмаз Мамбетовдун айтымында, бул чемпионат чоң масштабдагы мелдештерге, анын ичинде джиу-джитсу боюнча республикалык турнири үчүн даярдыкты камсыз кылган маанилүү этап болду, ал жерге төрт спортчу жолдомо алышты.
Окшош материалдар:
