5 миңден ашык видеонаблюдение камералары Кыргызстанда орнотулган
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жана Кыргызстандагы жол кыймылынын мониторинги үчүн 5 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди. Ал 2025-жылы жол кырсыктарынан 900 адамдын өмүрү кыйылганын, 12 миңден ашык адам ар кандай жаракат алганын белгиледи.