Кыргызстан «Жашыл шаарлар» эл аралык долбооруна кошулду
Кыргызстанда долбоорду ишке ашыруу Ош жана Манас шаарларында топтолмокчу.
Инициативанын максаты — шаардык аймактарда жашоо сапатын жакшыртуу жана экологиялык коркунучтарды азайтуу.
Эксперттер жана долбоордун командасы жашылдандыруу боюнча жалпы пландарды иштеп чыгууга, ошондой эле шаардык инфраструктураны модернизациялоого колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары, адистерди окутуу жана өлкөлөр арасында экологиялык өнүгүү боюнча тажрыйба алмашуу каралган.
Долбоордун каржылануусу Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) тарабынан Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча коомдоштугу (GIZ) менен биргеликте жүргүзүлөт. Кыргызстанда негизги өнөктөш катары Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги чыгат.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Министрлер кабинетинде «Жашыл шаарлар» регионалдык долбоорунун ишке ашырылышын талкуулашты
9-февралда табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Германиянын эл...