Кыргызстанда эмгек рыногунда 5,5 миңден ашык бош жумуш орундары бар
Министерствонун маалыматтарына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 547 жумуш орду бар. Эң көп талап жумушчу адистиктерде байкалууда. Учурда өлкөдөгү жумушсуздук деңгээли 1,3% түзөт. Жумушсуздар каттоодо 56,5 миң адам бар, алардын 38,1 миңи расмий каттоодон өткөн. 2025-жылы жумушту камсыздоо кызматтары аркылуу 17 454 адам жумушка орноштурулган.