
Инспекция учурунда эксперттер вывескалар, жарнама, билдирүүлөр, баа тизмелери жана маалыматтык материалдардын мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына жана «Жарнама жөнүндө» мыйзамга ылайык келерин баалашты. Мыйзам бузулгандарга кемчиликтерди жоюу үчүн мөөнөттөрдү көрсөтүп, билдирүүлөр берилди.


Ошондой эле бизнес жана соода-сервис объекттеринин ээлерине мамлекеттик тилди колдонуу нормалары жана жарнама менен маалыматтык материалдарды жайгаштыруу эрежелери боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Мэрия талаптардын аткарылбагандыгы учурда мыйзамга ылайык чаралар көрүлөөрүн белгиледи.
Мындай текшерүүлөрдүн максаты шаардык чөйрөдө мамлекеттик тилдин статусун жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана соода менен кызмат көрсөтүүдө мыйзамдуулукту камсыздоо болуп саналат.