МАГАТЭ жана Грац комарларды стерилдөө боюнча эксперименттин жыйынтыктарын жарыялады
МАГАТЭнин сүрөтү. Климаттык шарттардын өзгөрүшү комарлардын көбөйүшүнө шарт түзөт Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) австриялык Грац шаары менен биргеликте эркек комарларды стерилизациялоого багытталган эксперименттин алгачкы жыйынтыктарын сунуштады. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктар кызматы билдирди. Колдонулган методика зыянкечтер менен күрөшүү үчүн жаңы стратегиянын негизин түзүшү мүмкүн, ал коопсуз массалык көбөйтүү жана насекомдорду радиациялык стерилизациялоону камтыйт.