Свердлов районунда жер амнистиясы боюнча 154 материал бекитилди
Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы тарабынан берилген маалыматка ылайык, Свердлов районунда иштеген комиссия 154 арызды бекитти. Алардын ичинен 122 материал Башкы шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына зарыл болгон корутундуларды даярдоо үчүн өткөрүлдү, ал эми 85 материал коомдук талкууга чыгарылды.