Караколдогу тоо лыжа базасына күнүнө 4500 адам келип жатат, - милиция
Караколдогу тоңгуч лыжа базасында кышкы туристтик сезон активдүү уланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти. Облустук милициянын маалыматына ылайык, учурда эс алуучу зонага күн сайын келип жаткан туристтердин саны 3 500дөн 4 500гө чейин жетет.