Жалал-Абад облустук филармониясында жаңы жетекчи — ал тууралуу эмне белгилүү
Директорлукка 48 жаштагы Насирдин Тегин Асылбек Төлөн уулу дайындалды, ал үч айлык сынак мөөнөтүнөн баштайт. Жаңы жетекчинин тааныштыруусу 2025-жылдын 29-декабрында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбековдун жетекчилиги астында өттү.
Насирдин Тегин Асылбек Төлөн уулу 1978-жылдын 1-октябрында Бишкекте жарык дүйнөгө келген.
Билим
- 1995-жыл — П. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектеби, адистиги — комуз;
- 1998-жыл — М. Кереңкеев атындагы музыкалык училище;
- 2005-жыл — К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы;
- 2008–2010-жылдар — Кыргыз улуттук консерваториясында ассистент-стажёр;
- 2022–2023-жылдар — опера-симфониялык дирижердук адистиги боюнча окуу (азыркы учурда академиялык отпускта).
Кесиптик тажрыйба
- 2005–2013-жылдар — Бишкек шаардык драма театрында «Саамал» фольклордук ансамблинин жетекчиси;
- 2014-жыл — Т. Абдумомунов атындагы Улуттук драма театрында иш;
- 2013–2016-жылдар — «Эл ырчысы Эстебес» фольклордук тобунда артист;
- 2014–2022-жылдар — Кыргыз улуттук консерваториясында улуттук аспаптар кафедрасында улук окутуучу.
Кыргызпатенттин реестрине анын автордук музыкалык чыгармалары катталган, алардын арасында «Улуу көч», «Чабарман», «Токой аралап», «Жомок», «Асанбайдын элеси», «Бий», «Кербен», «Кыргыз жолу», «Балбал түн», «Жалбырактар саргайганда», «Сагындым сени», «Жеңиш», «Мекеним менин Кыргызстан», «Сүйүү жазы», «Жорголор», «Жарыш», «Бул дүйнө», «Күү майрам» жана башкалар бар.
Мурдагы Жалал-Абад филармониясынын директору Муктар Кырбашов өткөн жылдын ноябрь айында узак оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.
Окшош материалдар:
