Таласта Апрель революциясынын курмандыктарын эскеришти
Талас борбордук паркында Апрель революциясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү, бул тууралуу облустук өкүлчүлүк маалымдады.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президентинин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, шаар мэри Нургазы Чолпонкулов, ошондой эле революциянын баатырлары жана курман болгондордун жакындары катышты.
Иш-чара учурунда апрель баатырларына арналган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, дуба окулуп, ушундан кийин кеткендердин эсине бир мүнөт үнсүздук менен таазим кылынды, андан соң алардын урматына аскердик залп атылды.
Мындан тышкары, Талас облусунун драма театрында Апрель революциясынын окуяларын чагылдырган театралдаштырылган пролог өтүп, «7-апрель мектеп окуучуларынын көзү менен» аттуу көргөзмө ачылды, анда окуучулардын сүрөттөрү коюлду.
Бул жылы 7-апрелдеги ошол окуялардан 16 жыл өттү. ```
Дагы окуңуз:
Без изображения
Таласта фасоль кайра иштетүү заводу курулат
Талас облустук драма театры К.Медетбеков атындагы 20-февралда 2025-жылга социалдык-экономикалык...
Без изображения
Таласта Афганистандан аскерлерди чыгаруунун 37-жылдыгында интернационалист жоокерлердин эстелигин урматташты
Талас шаарындагы борбордук паркта советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылганына 37 жыл толуусуна...