
Турнирдин финалы "Толойкон" ипподромунда "Кара-Суу" жана "Кара-Кулжа жаштары" командаларынын ортосунда өттү.
Оюндун биринчи мүнөттөрүнөн баштап "Кара-Кулжа жаштары" командасынын оюнчулары инициативаны өз колдоруна алышып, биринчи таймда эки улак киргизишти. Экинчи периоддо алар айырманы көбөйтүп, дагы төрт гол киргизишти. Үчүнчү таймда Кара-Кулжадан келген команда эки гол киргизүүгө жетишти, бирок атаандаштары да эки улак менен жооп беришти. Акырында матч 8:2 эсебинде "Кара-Кулжа жаштары" командасынын пайдасына аяктады.
Ошентип, "Кара-Кулжа жаштары" командасы турнирдеги жеңишке жетишти, ал эми "Кара-Суу" экинчи орунду ээлеп калды.
Турнирдин сыйлык фонду төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 200 миң сом жеңүүчүлөргө, 100 миң сом күмүш медаль ээлерине, 50 миң сом үчүнчү орунду ээлеген командага, ал эми 30 миң сом төртүнчү орунду ээлеген командага берилди.
Турнир учурунда медициналык жардам үч оюнчуга талап кылынды: алардын бири аттын уруп кетүүсүнөн жаракат алды, экинчиси аттан кулап калды, ал эми үчүнчүсү тай-казанга урунду.