Бүгүн көк бөрү турнири боюнча 3 жана 4-орундар үчүн оюндар болду.
3-орун үчүн оюнда «Өзгөн ынтымагы» жана «Жаш муун» командалары 1:1 эсебинде тең чыкты, оюн 3 таймдан турду.
Кошумча убакытта — 10 мүнөттүк оюнда «Өзгөн ынтымагы» командасы тай казанга бир гол киргизип, 2:1 эсебинде жеңишке жетип, 3-орунду ээледи.
«Жаш муун» командасы 4-орунду алды.
Бул көк бөрү турнири 17-мартта башталып, 4 топко бөлүнгөн 12 команданы чогултту.
Турнире катышкан командалар:
«Кара-Кулжа», «Кара-Кулжа жаштары», «Кара-Суу», «Өзгөн ынтымагы», «Жаңы муун», «Жазы», «Ийри суу», «Салам-Алик», «Кызыл-Тоо», «Араван», «Алай», «Сузак».
Финалда «Кара-Кулжа жаштары» жана «Кара-Суу» командалары беттешти.
- Эскертип кетебиз, мурда «Өзгөн ынтымагы» командасынын эки оюнчусу жана «Жаңы муун» командасынан бир оюнчу жаракат алышкан.