Финалга «Кара-Суу» жана «Кара-Кулжа жаштары» командалары чыкты. Биринчи таймда «Кара-Кулжа жаштары» командасы эки жолу туши киргизди, ал эми экинчи таймда дагы төрт жолу кошуп, эсепти алтыга жеткирди.
Үчүнчү таймда Кара-Кулжа районунун командасы дагы эки жолу тушу киргизди. Жооп катары Кара-Суу командасы да эки жолу тушу киргизди.
Натыйжада эсеп 8:2 болду. «Кара-Кулжа жаштары» командасы бул турнирдын жеңүүчүсү болуп, «Кара-Суу жаштары» 2-орунду ээледи.
Биринчи орун үчүн сыйлык 200 миң сом, экинчи орун үчүн 100 миң сом, үчүнчү орун үчүн 50 миң сом, төртүнчү орун үчүн 30 миң сом болду.
- Эскертүү, көк бөрү боюнча мелдеште үч улакчы медициналык кызматкерлер тарабынан алып кетилди. Биринчиси ат тарабынан тапталган, экинчиси тай казанга урунган, үчүнчүсү аттан кулаган.