Бул маалымат Ош облусундагы президенттин өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан айтылды.
Иш-чара 19-мартта шаардык аянтта, 21-мартта белгиленүүчү майрамдын алдында өттү. Негизги максат — кызматкерлердин өз милдеттерин аткарууга даярдыгын баалоо.
Иш-чарада өкүл Аманкан Кенжебаев, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Нурланбек Бурканов, ошондой эле башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана жеке курамы катышты.
Гарнизондук жыйында коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштардын алдын алуу жана жолдордогу коопсуздукту жогорулатуу боюнча так көрсөтмөлөр берилди.
Аймактын башчысы Нооруз майрамында милиция ар кандай райондордо күчөтүлгөн режимде иштээрин, жарандарды мыйзамдарды сактоого чакырды.
- Нооруз майрамында Ош облусунда коопсуздукту камсыздоо максатында 1000ден ашык милиционер кызмат өтөйт.