Белгиленген тартипке ылайык, процесс 07:30дан 08:00гө чейин Куран окуу менен башталат. Андан кийин, 08:00дан 08:25ке чейин диний лекциялар өтөт. 08:25тен 08:30га чейин намазды өткөрүү тартиби түшүндүрүлөт, ал эми Айт намазы 08:30да башталып, 08:50гө чейин уланат.
Жергиликтүү тургундар Айт намазын төмөнкү мечиттерде өткөрө алышат:
- Ибрахим ажы мечити
- Филали мечити
- Мухтарулло мечити
- Али мечити
- Абу Бакр Сыддык мечити
- Билал мечити
- Имин мечити
- Соно ата мечити
- Таква мечити
- Ажы Акбар мечити
- Ташкия Ибрагим мечити
- Кудайберген мечити
- Ахмедкалый мечити
- Тойгонбай ажы мечити.