Муфтияттан алынган маалыматка ылайык, бул чечим шаардыктар тарабынан берилген өтүнүчтөргө жооп катары жана президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен кабыл алынган.
Эски аянттагы иш-чаралардын графиги төмөндөгүдөй:
- 07:00-07:30 – Куран окулушу;
- 07:30-07:40 – модератор: Шукур ажы Исмаилов;
- 07:40-08:10 – Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Бакыт ажы Кайкиевдин диний насихаттары;
- 08:10-08:30 – жогорку муфтиянын айт намазын өткөрүүнүн тартиби жана эрежелери боюнча сөз сүйлөөсү;
- 08:20-08:30 – катышуучулардын тизилишиши;
- 08:30-08:50 – айт намазынын аткарылышы жана майрамдык дуба.
- 07:30-08:00 – Куран окулушу;
- 08:00-08:25 – диний насихаттар;
- 08:25-08:30 – айт намазын өткөрүүнүн тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө;
- 08:30 – айт намазынын аткарылышы.
Акыркы жылдарда Бишкектеги айт намазы коопсуздук жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча мечиттерде гана өтүп жатканын эске салуу керек.